"Жерүй" кени ишин баштаса жыл сайын казынага 2 млрд сом киреше апкелет
“Жерүй” алтын кени иштей баштаса, өлкө казынасына жыл сайын 2 млрд сом каражат түшүп турат. Мындай маалыматты “Альянс алтын” компаниясынын өкүлү Касиет Карачолокова “Марал” радиосунун түз эфири учурунда билдирди.
Анын айтымында, кенде өндүрүлгөн алтын чет өлкөгө ташылып кетпейт, Кыргызстандын Улуттук банкына сатылат.
“Биз саясатка тиешебиз жок жана кийлигишпейбиз. Кыргызстанга “Жерүйдөн” каражат түшпөйт деген маалымат туура эмес. Ишкана Орусиянын нормалары менен иштейт деген маалымат калп. Анткени “Альянс алтын” Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштейт”, — деди Касиет Карачолокова.
Ал ошондой эле, “Альянс алтын” компаниясы “Бакубат Талас” фондуна да жыл сайын каражат бөлүп турарын, фонддун каражатынын сарпталышы байкоочу кеңеш тарабынын көзөмөлдөнөрүн кошумчалады.
“Бакубат Таласка” бөлүнгөн 150 млн сомдун 60% жеңилдетилген насыяга катары берилет. Калган каражат социалдык маселелерге жумшалат.
Ссылка: https://barometr.kg/zherj-keni-ishin-bashtasa-zhyl-sajyn-kazynaga-2-mlrd-som-kireshe-apkelet
Добавить комментарий ×