Бишкектеги үй-жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды

14 ноябрь 2023 16:39 1872 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги үй-жайсыздар үчүн баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилүү болгондой, Биринчи май районунда туруктуу жашаган жери жок 70 адамга эсептелген «Коломто» муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштейт.

Жибек-Жолу проспектиси, 413 дарегинде жайгашкан мекеме 70тен 100гө чейин үй-жайсыздарды күнүмдүк тамактандырып, түнөгөнү менен камсыз кылат.

«Коломто» ММ  жергиликтүү бюджеттен каржыланат. 2023-жылга 10,1 миллион сом каралган.

«Коломто» мекемесинин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:

- убактылуу түнөө, бекер бир жолку тамак-аш менен камсыз кылуу;

- медициналык кароодон өткөрүү (флюорография, РВ жана ВИЧке кан анализи) жана баштапкы санитардык дарылоо (жуу, жарааттарды дарылоо, кийим алмаштыруу ж.б.);

- үй-жайсыз адамдарды гуманитардык кийимдер менен камсыздоо;

- кароосуз калган карыларды интернаттык мекемелерге жайгаштырууга көмөк көрсөтүү.

Бул мекеме жыл сайын туруктуу жашаган жери жок 1500 адамга кызмат көрсөтөт. Сурап билуу телефону: 30 48 55.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 10 айында 1172 үй-жайсыз жарандарга социалдык кызмат көрсөтүлүп, анын ичинен 135 жарандын документтери калыбына келтирилген, 61 адам үй-бүлөсүнө кайтарылган, 109 адам ооруканага жаткырылган, 1064 адам амбулатордук түрдө дарыланган.

Ленин районунун аймагында «Мээримдүүлүк борбору» коомдук фонду туруктуу негизде иштеп, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды убактылуу жайгаштыруу менен камсыз кылат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир жолку ысык тамак берилип, коммуналдык төлөмдөр төлөнүп, «Мээримдүүлүк борбору» коомдук фондунун эсебинен социалдык кызматтар көрсөтүлөт. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 852,9 миң сом каралган.

Бул фонд Трудовая көч., 10 дареги боюнча жайгашкан, сурап-билүү үчүн телефондор: 64 48 71, 0550 54 66 22 Роза Казиевна.

Ошондой эле Октябрь районунун аймагында А.Токомбаев көчөсү 1а дарегинде   60 орундуу үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды.

Учурда баш калкалоочу жай оңдолуп, шейшептер жана дары-дармектер сатылып алынды. Ошондой эле, бир кишиге күнүнө 70 сомдон бир жолку ысык тамак берүү боюнча мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу мезгилине 10 тонна көмүр алынган.

Баш калкалоочу жайга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: 511938, 0708880218 - райондун социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов.

Свердлов районунун аймагындагы Фере көчөсү, №34а дарегиндеги баш калкалоочу жай 40 орунга ылайыкталган. Учурда имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер жана шейшептер сатылып алынып, ар бир адамга күнүнө 70 сомдон бир жолку ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жылытуу мезгилине 6 тонна көмүр алынган.

Сурап билүү телефону: 360335, 0706 168877, Мамаев Эркин – Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.

Туруктуу жашаган жери жок адамдар бул баш калкалоочу жайларга өз алдынча кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы тарабынан жеткирилет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция), 103 (тез жардам) жана жогоруда көрсөтүлгөн телефондорго кайрылуу керек.

Арыз бергендер бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн борбор калаанын бардык баш калкалоочу жайларында милициянын нөөмөтчүсү бар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун медициналык кызматкерлери бөлүнүп, алар системалуу түрдө керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/bishkektegi-j-zhajsyzdar-chn-bash-kalkaloochu-zhajlar-achyldy



Добавить комментарий