Бюджетке 52 млн сом зыян келтирүүгө шектелип салык кызматынын кызматкери крмалды

26 январь 2023 13:19 688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери дркументтерди жасалмалап, республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирген. Бул тууралуу УКМКнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, мамлекеттик салык кызматынын жоопту кызматкеринен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталды. 
 

Белгиленгендей, мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызматкери «Н.С. документтерди жасалмалап, жеке жак катары салык органдарында жасалма катталган.   

“Республикалык бюджетке келтирилген алдын ала зыян 52 миллион 870 миң сомду түзөт. 2023-жылдын 25-январында "Н.С."кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда жогоруда аталган мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.     

Ссылка: https://barometr.kg/byudzhetke-keltirilgen-zyyan-52-million-somdon-ashyk-mamlekettik-salyk-kyzmatynyn-kyzmatkeri-dokumentterdi-zhasalmalagan



Добавить комментарий