“Альянс Алтын” Кыргызстандын бюджетине 12,2 миллиард сом салык төлөдү

28 июль 2023 10:56 1495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен “Альянс Алтын” ишканасы ишке киргенден тартып 2023-жылдын июль айына чейин Кыргызстандын бюджетине 12,2 миллиард сом салык төлөгөн. 

Анын ичинде, алтынды сатуудан түшкөн каражат 8,3 млрд. 

Учурда, «Альянс Алтында» 839 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 815и Кыргыз Республикасынын жарандары.  

Талас облусу боюнча ишкана 361 адамды кен иштетүү боюнча окутса, анын 221и Жерүйдө иш менен камсыз болгон.    
“Альянс Алтын” өндүрүштүк керектөөлөрү үчүн жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн ушул айда Кыргыз Республикасынын бюджетине 4,3 миллион сом төлөгөн.   
 
 
 

Рекультивациондук  фондго жалпы төлөмдөр бүгүнкү күндө 45 млн сомду, жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн жалпы 53,5 млн сом төлөнгөн.    

Июнь айында биотехникалык иш-чаралардын алкагында Талас мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте лицензиялык тилкеде жайылып жүргөн үй жаныбарлары үчүн Мал-Кара капчыгайына 400 килограмм таш тузу коюулган.     

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Таластагы ооруларды алдын алуу борбору Жерүй өндүрүшүнүн 18 көзөмөл пунктунан ичүүчү суунун үлгүлөрүн алды.       
Текшерүүдөн кийин, суунун сапаты санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берери аныкталган.       

КР Энергетика жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлигине караштуу Айлана-чөйрөгө мониторинг департаменти тарабынан ишкананын контролдук пункттарында жер үстүндөгү жана саркынды суулардан, абадан жана жер кыртышынан үлгүлөр алынган.        

Калдыктарды сактоочу жайдагы байкоо скважиналарында суунун бар-жоктугуна пландык текшерүү жүргүзүлдү. Ал жерде суу жок экени аныкталды. Жерүйдүн экинчи калдык сактоочу жайынын курулушунун башталышына байланыштуу FTOO AA Engineering Group жана «Юнистрой» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен бирдикте топурактын түшүмдүү-өсүмдүк катмарынын абалына комиссиялык текшерүү жана тиешелүү аймакты аэрофотосүрөткө тартуу иштери жүргүзүлдү.          
“Альянс Алтын” ЖЧКсынын экологдору “Бүлүнгөн жерлерди рекультивациялоо” долбоорун жөнгө салуу жана Жерүйдөгү өндүрүштөн жана керектөөдөн чыккан агындыларды жана калдыктарды инвентаризациялоо боюнча тендерди демилгелешти.           

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-kyrgyzstandyn-byudzhetine-122-milliard-som-salyk-tld



Добавить комментарий