Жерүй алтын кенин иштетүүчү - «Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 4 млрд сом которду

14 январь 2022 15:01 1829 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жерүй алтын кенин иштетүүчү - «Альянс Алтын» компаниясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге - 4 млрд 20 млн 40 миң 367 сом каражат которду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын 10-январдагы маалымат боюнча «Альянс Алтын» республикалык жана жергиликтүү бюджетке 4 млрд 20 млн 40 миң 367 сом которгон. Анын ичинен алтынды сатуудан түшкөн акча 1 млрд 983 млн 519 миң 281 сом болду.

Талас областынын жергиликтүү маанидеги инфраструктурасын кармап турууга жана өнүктүрүүгө 209 млн 617 миң 702 сом которду. 

«Альянс Алтын» компаниясынын бюджетке чегереген акчасы Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык которулууда.

Төлөнгөн 209 млн 617 миң 702 сом төмөнкүдөй бөлүндү:

• 104 млн 808 миң 851 сом Талас областындагы Өнүгүү фондуна;

• 62 млн 885 миң 310 сом Талас районундагы Өнүгүү фондуна; 

• 41 млн 923 миң 541 сом Бекмолдо айыл башкармалыгынын Өнүгүү фондуна.

Мыйзамга ылайык,  жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана кармап турууга компания тарабынан тапкан акчанын 2 пайыз көлөмү которулат. Аталган каражат үч фонддун ортосунда бөлүнөт: 50 пайызы областты өнүктүрүү фондуна, 30 пайызы районду өнүктүрүү фондуна, 20 пайызы кен табылган жер боюнча жергиликтүү бюджетке багытталат.

Жерүй кенинин төгүлгөн баардык төлөмдөр КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынууда. Каражаттарды бөлүштүрүү жана чыгашаларды көзөмөлдөө Кыргызстандын өкмөтүнүн деңгээлинде ишке ашырылууда. Жергиликтүү бийлик багытталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну ишке ашырып жатат.

Жерүй кенинде өндүрүш башталгандан бери, ага чейин күтүлүп жаткандай, Талас областынын кирешелери эки эсеге жогорулады.

Мындан ары республикалык жана жергиликтүү бюджет жана фонддор Жерүй кенинин иштетүүдөн жыл сайын 4 млрд сом салык жана башка которууларды алып турушмакчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/zherj-altyn-kenin-ishtetch-alyans-altyn-kompaniyasy-byudzhetke-4-mlrd-som-kotordu



Добавить комментарий