“Альянс Алтын” Таласта студенттерди IT адистигин өздөштүрүүгө көмөк көрсөттү

27 январь 2023 14:03 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас мамлекеттик университетинин студенттери эл аралык деңгээлдеги IT адистери боло алышат. 

Аларга мындай мүмкүнчүлүктү “Жерүй” алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” ишканасы түзүп жатат.  
Компаниянын каржылык колдоосу менен Москвадан «АЙФЭЛЛ Азия»компаниясынын адистери келип, таланттуу студенттерди тандап алышып, алар үчүн программалоо боюнча эки айлык окууну башташкан.  

IT курсуна алгачкы иш тажрыйбасы бар 64 студент кабыл алынган. Анын ичинен 15 студент сынактан өтүп, учурда чет элдик адистерден окуп, практикалык иштерди аткарып жатышат. Алар кыска убакыттын ичинде квалификациялуу IT адистери болууга мүмкүнчүлүк алышат.  


«АЙФЭЛЛ Азия»  компаниясынын сапат боюнча директору Олег Гринин Москвадан атайын Таласка студенттерди окутуу үчүн келген.     

Анын айтымында, эки айлык окуу оффлайн жана онлайн форматында өтөт.    

Бирок, ал тандалган 15 студенттин баары аягына чейин окуп, билим алышат деп ишенет. Жыйынтыгында бүтүрүүчүлөр сертификаттарга ээ болушат. Сертификаттар менен алар орусиялык компанияларга жумушка орношо алышат.     

КР Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан студенттерге көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, IT-адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын борборунда гана эмес, облустарда да көңүл бурулуп жатат. Таласта башталган долбоор аймактарда бул адистикке кызыккан, таланттуу студенттер бар экенин көрсөтүп турат.       

    

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-talasta-studentterdi-it-adistigin-zdshtrg-kmk-krstt



Добавить комментарий