"Альянс Алтындын" колдоосу менен Талас облусуна алынып келген маралдар көбөйүүдө

14 июль 2023 12:18 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтындын» колдоосу менен Талас облусуна келген маралдар көбөйүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Алтай жергесинен Талас облусуна 35 марал алынып келген. 

Маралдарды алып келүү демилгесин облустук бийлик көтөрсө, каржылык жактан колдоону Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясы көргөзүп, өнүктүрүү фонду аркылуу 2,5 миллион сом бөлүп берген. 

Алынып келинген маралдар Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына кое берилип, корука алынган. 

Маралдарды көзөмөлдөө жагын КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы жүргүзөт. 

Аталган башкармалыктын кызматкери, аң сакчы Азамат Эсенаалы уулу, бүгүнкү күндө маралдардын төлдөп баштаганын билдирди. 

Анын айтымында, Алтай жергесинен алынып келинген жаныбарлар 3-4 ай Беш-Таш коругунда алгач тор менен тосулуп, кароодо болгон жана жер шартына бат эле көнүп кетишкен. 

Учурда, алар Беш-Таш жайлоосунун төрүнө чейин жайылып жүрүшөт. Топ-топ болуп бөлүнүп жүргөн маралдарды жергиликтүү чабандар дайыма көрүп турушат.

2023-жылдын июнь айларында маралдар төлдөп баштаган. Бүгүнкү күндө 5-6 маралдын төлдөп, музоолорун ээрчитип жүргөнүн малчылар көрүшкөн. 

Маралдарды кароо, аларга жем, туз берүү КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан жасалып жатканын башкармалыктын башчысы Бекмурза Ашимович билдирди: 

«Мурун маралдар кыргыз жергесинде көп болгон, анын ичинде Талас облусунда дагы көп эле. Буга мисал Таласта Үйүр-Марал аталышындагы тоо, айыл бар. Бирок, архивдик документтерге таяна турган 

болсок Талас өрөөнүндө маралдар акыркы жолу 1949-жылы Күмүштак жайлоосунан Чаткал тарапка ашып бара жатканы жазылып калган. Андан кийин, Таласта марал жок болуп кеткен десек болот. 

Дээрлик 70 жылдан кийин Талас жергебизге кайрадан маралдарды алып келгенбиз. Мындай жакшы саамалык «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен ишке ашкан. Мына ошол маралдардын 

башы көбөйүп, төлдөп башташты. Эми, аларды КРнын башка аймагындагы маралдар менен аргындаштыруу пландары бар», - деди Бекмурза Ашимов.

Андан сырткары, «Альянс Алтын компаниясы маралдардын жемин, тузун алууда көмөкчү болуп, Беш-Таш коругунун аймагына маралдар үчүн сарай курууга 600 миң сомдон ашык каражат бөлүп бергенин жана ал жай айларынын аягына чейин бүткөрүлө турганын айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyndyn-koldoosu-menen-talas-oblusuna-alynyp-kelgen-maraldar-kbjd



Добавить комментарий