Таласта “Альянс Алтындын” каржылык колдоосу менен таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке берилди

23 февраль 2023 14:31 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Талас облусундагы таштандыларды кайра иштетүүчү завод алгачкы продукциясын чыгарды. 

Маалым болгондой, 2023-жылдын 20-февралында Талас районунун мэриясына «Эко Монтис» ЖЧКсынан кайра иштетилген таштандылардан жасалган алгачкы продукциялар жеткирилген. 
Таласта өткөн жайда таштандыларды кайра иштетүүчү “Эко Монтис” ишканасынын курулушу башталган.   

Каржылык колдоону Жерүй алтын кенин иштетүүчү “Альянс Алтын” компаниясы көрсөткөн.   
Ишкана буга чейин, үстөксүз негизде 6 миллион сом бөлгөн.     

“Эко Монтис” продукциялары мэрияга керек болгон эң зарыл буюмдар. Шаар башчысы Аскар Шабданов билдиргендей, карьерлердин жер астындагы суулар менен коопсуздугун жөнгө салуу максатында Талас шаардык «Таза суу» муниципалдык ишканасына 50 пластик люктар, 400 кашык, 300 кийим илгичтер таратылып берилет.       

Шабданов «Альянс Алтын» ишканасына жана анын жетекчилигине мындай ишканаларды түзүүгө көмөктөшүп, кант, кыш заводдору менен тигүү цехтерине каржылык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.       

Эске салсак, таштандыларды кайра иштетүүчү ишкана Талас районунун Калба айыл аймагында жайгашкан. Долбоорду “Эко Монтис” сунуштаган. Завод айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштете         алат.          

Бир жылга жетпеген убакытта шаардыктар долбоордун алгачкы үзүрүн көрө алышты. Бүгүнкү күндө «Альянс Алтын» компаниясы колдоого алган ишканалар жергиликтүү социалдык мекемелерге жардам көрсөтүп, ийгиликтүү иштеп жатат.         

Ссылка: https://barometr.kg/talas-oblusundagy-tashtandylardy-kajra-ishtetch-zavod-algachky-produkciyasyn-chygardy



Добавить комментарий