Жерде катуу магниттик бороон болуп жатат
Окумуштуулар кечээ кечтен тартып башталган эң эле кубаттуу магниттик бороонду катташты. Бул тууралуу ТАСС булагына шилтеме берүү менен “Барометр” кабарлайт.
“Жердин магниттик талаасынын туруксуз болушу дагы 2-3 суткага чейин сакталмакчы”,-деп маалымдашты Россиянын илимдер академиясынын физика институтунун Күндүн рентгендик астрономиясы лабораториясынан.
Бороон түнкү саат 12:00дөн кийин башталды. Геомагниттик активдүүлүктүн индекси 7ге чейин жогорулады, анын эң жогорку көрсөткүчү 9 болуп эсептелет.
Күн бороондорду жердин магниттик талаасына жана жандоочторго таасир берет.Ошондой эле адамдарга дагы кыйыр таасир берери айтылып жүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/zherde-katuu-magnittik-boroon-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×