НАСА Марска баргандар кандай үйлөрдө жашай турганын маалымдады
Марсты колонизация кылууга учурулган НАСАнын астронавттары чоң-чоң үйлөтүлгөн капсула үйлөрдө жашайт. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
НАСА колонисттер кандай үйлөрдө жашай турганын ойлонуштуруп жатат, алар Марска барган кезде үйлөтмө капсулалар эң эле туура тандоо болот дешүүдө.
НАСА архитектуралык Hassell Studio фирмасынын Экерсли О’Каллаган баштаган инженер-долбоорлоочулар командасынын дизайнын тандап алды.
Аталган концепция Марстагы чаңдуу бороондордон, ири өлчөмдөгү радиациядан, төмөнкү температурдан жана жашоого жараксыз болгон атмосферадан коргойт деп жатышат.
Hassell командасы Марска астронавттар барганга чейин бир нече роботторду зыяны азыраак жайды тандоого жиберүүнү сунуштоодо.
Эскерте кетсек, адамдарды Марска учуруу 2030-жылдарга пландалып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/nasa-marska-bargandar-kandaj-jlrd-zhashaj-turganyn-maalymdady
Добавить комментарий ×