Ноябрда 2 метеориттик жамгыр жана Ай тутулуу болот
Ноябрь айы астрономиялык окуяларга бай болмокчу. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Негизинен бул айда эки метеориттик жамгыр-Таурид жана Леонид аталган агымдар болмокчу.Тауриддер “2P / Encke” кометасынан калган космоттук таштанды болуп эсептелет жана л 11-ноябрдан баштап көрүнөт, анын калдыктары асманда оттуу шарларды пайда кылмакчы.
Эгерде сиз астрономияны сүйгөндөрдүн катарында болсоңуз анда бул жамгырды көрсөңүз болот. Ал эми экинчиси: Леониддер жамгырын 16-ноябрдын түнүндө же 17-ноябрдын таңкы маалында көрүүгө болот.
Бул бир сааттын ичинде орточо алганда 10-20 учкан жылдызды көрүүгө боло турган асман кубулушу. Леониддер куйруктуу учкан жылдыздар катары дагы көбүрөөк кызыктуу кубулуш болмокчу.
Мындан тышкары 18-ноябрда түн ичинде Айдын жарым-жартылай тутулуусу болот.Тутулуу түнкү 1:18де башталып, эң жогорку чеги саат 3:02де болуп, таңкы 6:03тө аяктайт.
Ссылка: https://barometr.kg/noyabrda-2-meteorittik-zhamgyr-zhana-aj-tutuluu-bolot
Добавить комментарий ×