Астронавттар алгачкы жолу космоско калемпир өстүрүштү

7 октябрь 2021 18:29 1547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Космостук мейкиндикти изилдөө жана аэронавтика боюнча улуттук башкармалыктын (NASA) астронавттары биринчи ирет Эл аралык космосттук станцияга чили калемпирин өстүрүштү. Бул тууралуу NASAнын сайтына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Космосто жемиштерди бышыруу абдан эле жай болот, адистер анын себептерин изилдеп жатышат. Бирок ошого карабай чилинин төрт бутагы мөмө байлаган. Астронавттар ал толук бойдон октябрдын соңунда бышат деп жатышат.

Калемпир өстүрүү Plant Habitat-04 тажрыйбасынын алкагында жүргүзүлдү. Аталган тажрыйба июль айында башталганын NASAнын астронавты Меган Макартур кабарлаган жана өсүмдүктү сугарып жаткан видеону бөлүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/astronavttar-algachky-zholu-kosmosko-kalempir-strsht



Добавить комментарий