"Жер үй" кени карантинден кийин иштеп баштады (Сүрөт)

7 август 2020 16:15 4513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 7-августта Талас райондук ооруларды алдын алуу борборунун өкүлү менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Жер үй” кенинде мурдагы берилген көрсөтмө боюнча контролдук текшерүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы “Барометрге” билдирди.

"Жер үй" өндүрүштүк тилкесин текшерүү учурунда жумушчу топ жазма буйрукта белгиленген бардык 10 пункту толук көлөмдө аткарып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Жумушчулар тобу жана алар менен байланышта болгондор кайрадан коронавируска ТЦР-анализин тапшырышты. Атап айтканда: 141 – "Альянс-Алтын", 81 – Engineering Group, 18 – "Талас Кетринг", 3 – "Нур Ал Энерго", 17 – "Смак Плюс", 60 – "Кыргыз Логистика Сервиси", 34 – "Аджи Сервис", 15 – "Бел Али".

Маалыматка ылайык, тапшырылган тексттердин бары таза чыкты. Ошону менен үчүнчү текшерүүдөн кийин “Жер үй” кенин иштетүүгө бүгүнкү күндөн тарта уруксат берилди. Аталган чечим тууралуу тиешелүү кагаздар толтурулду.

Эске салсак, 2020-жылдын 24-июлунда “Жер үй” кениндеги иштер токтотулган. Талас райондук ооруларды алдын алуу борборунун өкүлү менен Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан аталган аймактын бардык кызматкерлери дарыгерлер тарабынан текшерилип, керектүү гигиена каражаттары жана коргоочу каражаттар менен камсыз болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zher-j-karantinden-kijin-ishtep-bashtady-srt



Добавить комментарий