"Жер үй" алтын кени карантинге жабылды

27 июля 2020 11:55 3312 Barometr
Поделиться в:
ok

 "Жер үй" өндүрүштүк участогу карантинге жабылды. Бул тууралуу «Барометр» билдирет.

Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында "Альянс Алтын" ЖЧКсына караштуу “Жер үй” алтын кенин казуу иштерин токтотту.

Буга байланыштуу кен ишканасынын бардык аймагында 24-июлдан тарта 14 күндүк карантин жарыяланды.  Бардык кызматкерлер жана подряддык компаниялар өзүнүн ишин карантин алынганга чейин токтотушту. Бул чечим өндүрүштүк участокту текшерүү менен Талас облустук санитардык-эпидемиологиялык станциясынын тийиштүү көрсөтмөсүнүн негизинде кабыл алынды.

Кен ишканасында масштабдуу дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп, кызматкерлер медициналык текшерүүдөн өтүштү.

Компания тарабынан Бекмолдоев айылындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Сасык-Булак, Кара-Ой стационарларына дары-дармектер шашылыш түрдө жеткирилди.

Бүгүнкү күндө ачык тоо-кенин иштетүү жолу менен 562 миң тонна баланстык руда казылып алынды. Кайра жүктөөчү кампадагы кен 104 миң тоннаны түздү.

Бүгүнкү күнгө чейин алтын ылгоочу фабриканын башкы корпусунун курулуш –монтаждоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. Долбоор 96% га аяктады.

Ссылка: https://barometr.kg/zher-j-altyn-keni-karantinge-zhabyldy



Добавить комментарий