Жегенге нан, ичкенге суу жок. Оренбургда талаада калган кыргыздар ыйламсырап жардам сурашууда – видео
Бөлүшүү:
Россиянын Оренбург облусунда ары, же бери кете албай орто жолдо 80ден ашык кыргызстандык калды. Алардын талаада отурган видеосу социалдык тармактарда тарады.
Анда видеону тартып жаткан киши 80дей адам ары кете албай, же бери кете албай орто жолдо калганын айтат.
“Ээн талаада калдык. Жегенге нан, ичкенге суу дагы жок. Бул жерде 80дей киши барбыз. Өкмөттүлөр жардам бергиле”, — деп жалбарып жатканын көрүүгө болот.
Ошондой эле видеодо, талаадагы бактын түбүндө корголоп отурган аялдар дагы бар. Алардын бири ыйлап жардам сурап жатканын да угууга болот.
Эске салсак, 7-майда орус-казак чек арасында калып калган 500дөн ашык кыргызстандык атайын жашыл корридор менен Казакстан аркылуу 7-майда Кыргызстанга келген.
Добавить комментарий ×