Россиянын Соль-Илецк шаарынан 541 кыргызстандык мекенине кайтаралды - сүрөт

7 мая 2020 12:57 1408 Barometr
Поделиться в:
ok

7-майда 541 кыргызстандык Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан кайтарылды. Бул тууралуу респбликалык штабдан кабардашты.

Алар орус-казак чек арасына жакын тилкеде Казакстандын аймагында ӨА режиминин аякташын көптөн бери күтүп турган Кыргызстандын жарандары болчу. Аларды алып келүү жетишилген макулдашуулардын алкагында жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, оор эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен, биздин жарандардын Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген.

Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор түзүлдү. Бул ден соолук үчүн коопсуз шарттарда башында айтылган жарандардын көпчүлүк бөлүгүн, анын ичинде аялдар жана балдарды Кыргызстанга алып чыгып кетүүгө өбөлгө түздү.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштылырат.

Чет өлкөлөрдө калган жарандарыбызды өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен мекенине кайтаруу жолдорун издөө боюнча КР президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу иши улантылып жатат.

Казакстандын аймагында дагы эле өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелгенин КР ТИМ эске салат. Буга байланыштуу Соль-Илецк шаарынын КР жарандарын мекенине кайтаруу Россиядагы биздин мекендештерибизге орус-казак чек арасын көздөй жүрүүгө түрткөн импульс болуп калбашы керек.

Андыктан провокацияга алдырбоого, сабырдуу болуп, мындай чаралар убактылуу гана мүнөзгө ээ экенин жана биздин жарандарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактоого, улуттук коопсуздукту коргоого багытталганын чыдамдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууга штаб чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyanyn-sol-ileck-shaarynan-541-kyrgyzstandyk-mekenine-kajtaraldy-srt



Добавить комментарий