Россиядан Ошко аткезчилик жолу менен алынып келинген дары-дармектер табылды

5 февраль 2024 11:35 1347 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядан бир миллион сомдук аткезчилик жол менен алынып келген дары-дармектер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ошко “К.Х.” аттуу жаран Россиядан Кыргызстанга аткезчилик (контрабанда) жол менен дары-дармектерди алып келип, андан ары  Өзбекстанга кайра аткезчилик жолу менен жөнөтүп сатып жатканы аныкталган.

“Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  231-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экономикалык контрабанда) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББнын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан эки даректе дары-дармектердин сакталып тургандыгы аныкталган.

Анын натыйжасында, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Джупас көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 1959-жылы туулган М.М.дин турак-үйүндө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 4000 даана ампицилин, 3640 даана эланалаприлл, 100 даана семакс дарысы, 300 даана Рензилбензат мазы алынды.

Ошондой эле, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 1954-жылы туулган К.Х.нын турак-үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, 21 каробка мукалтин, 12 каробка футканазол, 20 каробка карбомазепин, 4 каробка амбецет, 19 каробка эритромицин, 11 каробка тетрадциклин, 5 каробка амблорус, 3 каробка амброксол, 1 каробка арифен, 1 каробка миневазинь, 1 каробка больнорелакс, 1 каробка кавинтон, 5 каробка пентогам, 13 каробка канеферон, 10 дексаметазон, 13 каробка от кашля, 3 каробка cyteal solution дарылары алынды.   Аткезчилик менен алынып келинген дары дармектеридин жалпы баасы бир миллион сомду түздү.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аткезчилик  жол менен алынып келинген дарылардын ээси К.Х.Кара Суу райондук ички иштер бөлүмүнун етергөө кызматына жеткирилди. Азыркы учурда жалпы алынган дары-дармектер боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн байланыштары жана дарылардын ташылып келген жолдорун аныктоо боюнча ыкчам иштери улантылуууда”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/rossiyadan-oshko-bir-million-somduk-atkezchilik-zholu-menen-alynyp-kelingen-dary-darmekter-tabyldy



Добавить комментарий