Жээнбековдун шайлоого канча акча короткондугу тууралуу тарап жаткан маалыматка карата экс-президент Алмазбек Атамбаев интервью берет

16 ноябрь 2018 16:50 1443 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоого канча акча короткондугу тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев интервью берет. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. 

"Биз социалдык тармактарда тарап жаткан президенттик шайлоого жумшалган каражат тууралуу  эч нерсе айта албайбыз, бирок расмий иш-чаралар менен адамдардын аты-жөнү реалдуу. Ошо кезде Жээнбековдун штабын жетектеп турган Фарид Ниязов да түшүндүрмө берди. Мындан тышкары, Алмазбек Атамбаевге "Апрель" телеканалынын журналисттери кайрылып, президенттик шайлоо жана каржылоо маселеси боюнча суроолорго жооп берүү өтүнүчүн айтышкан. 19-ноябрда интервью эфирге чыгат", — деп билдирди Кундуз Жолдубаева.

Эске сала кетсек, социалдык тармакта фамилиялар жазылган жана алардын жанында суммалар турган печаты же колу жок дайынсыз бир кагазды таратып жатышат.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында өтүп, КСДПдан чыккан талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишип, 24-ноябрдан тарта кызматка киришкен.



Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekovdun-shajloogo-kancha-akcha-korotkondugu-tuuraluu-tarap-zhatkan-maalymatka-karata-eks-prezident-almazbek-atambaev-intervyu-beret



Добавить комментарий