Жээнбеков: "Жаңы министрлерди сындан өткөрүү али алдыда. Аз уктап, көбүрөөк иштеш керек"
Бөлүшүү:
Бүгүн, 14-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште министрлердин ант берүү аземине катышты.
«Жаңы министрлерди сындан өткөрүү али алдыда. Аз уктап, көбүрөөк иштеш керек. Тынымсыз иштеп гана сыйга жетүүгө болот. Ал эми бүгүн берген антыңарды күнүгө, жумушка келип кеткен сайын эстеп тургула», — деди президент.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ант беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-zhay-ministrlerdi-syndan-tkr-ali-aldynda-az-uktap-kbrk-ishtesh-kerek
Добавить комментарий ×