Жээнбеков Путин менен жолугушуу үчүн 27-сентябрда Москвага учуп кетет
Бөлүшүү:
Президент Сооронбай Жээнбеков 27-сентябрда Москвага учуп кетет. Бул тууралуу “Барометрге” Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги өздүк булактар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жээнбековдун Россияга сапары 27-сентябрга пландаштырылган.
Жээнбековдун Путин менен Москвада жолугушуусу күтүлүүдө.
Ошондой эле сапар учурунда Жээнбеков Ижевскидеги эстеликтин ачылышына катышат деп күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, Россия өкмөтү буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун РФке болчу иш сапарына кам көрүп жатканын айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-putin-menen-zholugushuu-chn-27-sentyabrda-moskvaga-uchup-ketet
Добавить комментарий ×