Орус өкмөтү Сооронбай Жээнбековдун Россияга болчу иш сапарына кам көрүп жатат
Кече, 22-сентярда Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 22-жыйыны өттү. Жыйында Россия өкмөтү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун РФке болчу иш сапарына кам көрүп жатканы айтылды. Бул тууралуу Бишкек шаарында болгон жыйын учурунда Алексей Оверчук берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Алексей Оверчук кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана Бишкектеги өкмөттөр аралык Кыргыз-Орусия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын кеңешмесинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Орусия тараптын Кыргыз Республикасында салык башкаруусун жакшыртуу, товарларды маркировкалоо жана байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында техникалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи.
Оверчук Кыргызстанга болгон иш-сапарынын алкагында, КР президенти Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Кубатбек Боронов жана вице-премьер Эркин Асрандиев менен кезигип, бир катар маселелерди талкуулады.
Ссылка: https://barometr.kg/orus-kmt-sooronbaj-zheenbekovdun-rossiyaga-bolchu-ish-saparyna-kam-krp-zhatat
Добавить комментарий ×