Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат
Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 20-январда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Жаңы жылдын алдында — 2019-жылдын 30-декабрында кол коюлган.
Мамлекеттик сыйлыктарга коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарбасы, курулуш тармактарынын өкүлдөрү жана башкалар татыды.
Иш-чараны «Ала-Тоо 24» телеканалы саат 11:00дө түз алып берет.
Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyrgyzstandyktarga-mamlekettik-syjlyktardy-tapshyrat
Добавить комментарий ×