Сууда сүзүү боюнча окуучулар арасындагы Азия чемпиону Михаил Хегай ардак грамота алды

5 март 2024 12:55 1688 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сууда сүзүү боюнча мектеп окуучулар арасындагы Азия чемпиону Михаил Хегай маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарынан сыйлык алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бүгүн, 5-март күнү дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов сууда сүзүү боюнча мектеп окуучулар арасындагы Азия чемпионатында 8 алтын жана 2 күмүш медалдын ээси Михаил Хегай жана анын машыктыруучулары менен жолугуп ардак грамота тапшырды.  

Эске салсак, 2-4-февраль күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында “AOSI Bangkok 2024” аттуу мектеп окуучулар арасында Азия чемпионаты болуп өткөн. Мелдешке дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жалпы 900 жакын спортчу катышып, ата мекендик спортчулар 40 медаль багындыра алган. Михаил Хегай сегиз алтын жана эки күмүш медаль жеңип экинчи жолу эң мыкты спортчу аталган (9-11 жаштагылар арасында).

Ссылка: https://barometr.kg/suuda-sz-boyuncha-mektep-okuuchular-arasyndagy-aziya-chempionu-mihail-hegaj-mamleket-tarabynan-ardak-gramota-aldy



Добавить комментарий