Жээнбеков өкмөттүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотту

14 октябрь 2020 17:34 820 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматтан бошотулду. Бул жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 14-октябрда, Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн кызматтан бошотуу тууралуу» Жарлыкка кол койду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, кызматтарынан бошотулду:

— Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Асрандиев Эркин Шамшудинович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Мадумаров Акрам Камбаралиевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Темиралиев Таалайбек Асанбекович мурда жүктөлгөн Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — Кыргыз Республикасынын министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Бейшенов Жанат Саматович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Аскаров Замирбек Марипбаевич мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Исаков Каныбек Абдуваситович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Абдикаримов Сабиржан Токтосунович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Жаманкулов Азамат Капарович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматынын милдеттерин аткаруудан;

— Осмонбетов Эмил Кубатович мурда жүктөлгөн Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынын милдеттерин аткаруудан.

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-kyrgyz-respublikasynyn-kmtnn-ajrym-mchlrn-kyzmattan-boshotuu-tuuraluu-zharlykka-kol-kojdu



Добавить комментарий