Муфтий Замир Ракиев кызматтан кетти

26 январь 2024 15:14 461 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу муфтияттын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

Бүгүн, 26-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз протоколдук жыйынында муфтийдин кызматтан кетери маалым болгон.

“Жыйында муфтий өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызматынан бошотулуп,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Ага  байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди”, -деп айтылат маалыматта. 


Ссылка: https://barometr.kg/muftij-zamir-rakiev-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий