Бишкекте унаанын ичинен кыз зордуктоого аракет кылган жаран жогорку кызмат адамы болгон

23 июнь 2023 13:54 547 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эркек киши унаанын ичинен кызды зордуктоого аракет кылган видео социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кыз зордуктоого аракет кылган жаран жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар департаментинин мурдагы башчысы экени айтылган. 

Окуя 15-июнга караган түнү Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо токтоп турган жол тандабас унаанын арткы орундугунда отурган кыз менен жигит жаңжалдашканын көрүүгө болот. Алардын жаңжалын өтүп бара жаткан адамдар дагы көрүп, бирок өтүп кетишкен.

Бир нече убакыттан кийин кыз унаадан качып чыгып, анын артынан шымынын куру чечилген эркек киши дагы жерге түшүп, кызды тургузууга аракет кылган.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 15-июнь күнү Э.А. аттуу жаран аны зордуктоо аракети болгонун айтып милицияга арыз жазганын билдирди.

Бул факты катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы маалымдалды.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-unaanyn-ichinen-kyz-zorduktoogo-araket-kylgan-kishi-zhogorku-kyzmat-adamy-bolgon



Добавить комментарий