Жээнбеков: "Ар бир көз жумган мекендешим менин жүрөгүмдү канатып кетти"

30 июль 2020 09:35 4322 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү. Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн. Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык. Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту. Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып,  жүрөгүмдү канатып кетти. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз. Жараткандан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз. Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз. 

Урматуу мекендештерим!

Жарандарыбыздын өмүрү, элбиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек. Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат. Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш. Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!

Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым! Кайраттуу бололу, сабыр тилейли! Эртең  мусулмандардын улуу күнү — Курман айт. Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз.

Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм!

Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай өзү колдосун! Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Ссылка: https://barometr.kg/zheenbekov-bgn-30-iyulda-uluttuk-aza-kt-knn-karata-kyrgyzstandyktarga-kajryluu-zholdodu



Добавить комментарий