ЖЭБди модернизациялоо иши: Кеңешмеден соң судья сотко ишенбөөчүлүк көрсөтпөө тууралуу арызды четке какты

15 май 2019 13:44 5925 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15-майда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш ишин кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумунда судья өзүнө карата ишенбөөчүлүктү четке какты.

Кеңешимеден соң судья ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чыгарылган чечим менен жактоочуларды тааныштырды.

Сот ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча арызды негизсиз деп эсептеди.

Эскерте кетсек, буга чейин айыпталуучулардын жактоочулары судья Инара Гилязитдиновага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча арыз беришкен.

Айбек Калиевдин жактоочусу сот калыс боло албайт деген пикирин билдирди.

Айыпкер экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев судьянын суроолоруна жооп берип жатып, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу арызды колдогон жок.

Артыкбаевдин жактоочулары дагы процесстин узарып кетишин жүйөгө келтирүү менен судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу арызды колдогон жок.

Ошондой эле Артыкбаевдин жактоочусу Нурлан Садыков сотко ишенбөөчүлүк көрсөтпөөгө негиз жок экендигин эскертти.

"ЖПК ылайык, өтүнүчтү четке кагуу судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн негиз болуп саналбайт. Азыр ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз жок", - деди ал.

Башка айыпкерлер сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдошту.

Ал ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү колдобоого сотту чакырды, анткени процесс белгисиз мөөнөткө жылып кетиши мүмкүн.

Сот кеңешүү үчүн кетти.

Ссылка: https://barometr.kg/zhebdi-modernizaciyaloo-ishi-keeshmeden-so-sudya-sotko-ishenbchlk-krstp-tuuraluu-aryzdy-chetke-kakty



Добавить комментарий