ЖЭБди модернизациялоо боюнча Кыргызстан ТВЕАга доомат койду
Бүгүн, 22-майда, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу ишти кароо учурунда «Электр станцияларынын» юристи Урматбек Камбаров жабырлануучу тараптын өкүлү катары сурак берип жатып, долбоорду ишке ашыруу боюнча кытайлык ТВЕА компаниясына кыргыз компаниясынын нааразычылыктары бар экенин белгиледи.
«Электр станциялары» ТВЕАга доо кат жиберди. Бул Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу дооматтар», - деди Камбаров.
Процесстин катышуучулары кандай доомат экендигин тактоону өтүнүшкөндө Камбаров жооп берүүдөн тайсалдады.
"Жанымда документтер жок болгондуктан так эмес маалыматтарды берүүдөн коркуп турам. Дооматтарды жазуу түрүндө сотко беребиз ", - деп жооп берди "Электр станцияларынын" юристи.
Процесстин катышуучулары бул маалымат менен камсыз кылууну соттон өтүнүштү.
"Кийинки соттук отурумда ТВЕАга болгон доолорду ачыктоого жабырлануучу тарапты милдеттендирип коюңузду сурайбыз", - деп кайрылышты сотко процесстин катышуучулары.
Ссылка: https://barometr.kg/zhebdi-modernizaciyaloo-boyuncha-kyrgyzstan-tveaga-doomat-kojdu
Добавить комментарий ×