Жазылып коюңуз. 22-ноябрдан тарта үч күн акысыз диагностика жүргүзүлөт

21 ноябрь 2023 14:15 1143 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эртең, 22-ноябрдан тарта үч күн катары менен акысыз диагностика жүргүзүлөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Болгону 3 күн, 2023-жылдын 22-24-ноябрында МРТнын ишке киришинин урматына Улуттук госпиталда акысыз диагностика жүргүзүлөт.

Акысыз диагностикага жазылуу үчүн:

• ҮДТ/ҮМБнын дарыгеринин жолдомосу;

• Эч кандай алдын ала даярдыктын кереги жок, болгону курсак көңдөйүн текшерүүдө  ач карын баруу керек.

Кабыл алуу саат 09:00дөн 16:00гө чейин алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт.

Кабыл алууга төмөнкү телефон аркылуу жазылсаңыз болот: 0 709 90 55 11. Нур менен диагностикалоо бөлүмүнүн башчысы Эрмекова Салия Кулназаровна.



Ссылка: https://barometr.kg/zhazylyp-koyuuz-22-noyabrdan-tarta-ch-kn-katary-menen-akysyz-diagnostika-zhrgzlt



Добавить комментарий