Жаза аткаруу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү
Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кадрдык ротация болду. Бул тууралуу ЖАМКдан кабарлашты.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин буйругуна ылайык:
- полковник Мирбек Минбаев № 53 мекеменин башчылыгынан бошотулуп, № 8 мекеменин башчысы болуп дайындалды.
- полковник Туголбай Эргешов № 23 мекеменин башчысы кызматына дайындалды, буга чейин ал № 21 мекеменин башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
- майор Сансызбай Хасенов № 53 мекеменин башчысы болду, ал буга чейин № 8 абак жайдын башчысынын милдетин аткаруучу болуп келген.
- майор Талант Каниметов № 45 абак жайга башчы болуп дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/zhaza-atkaruu-kyzmatynda-kadrdyk-zgrlr-zhrd
Добавить комментарий ×