Байсалов министрдин милдетин аткаруучу – Канат Сагынбаевди жамаатка тааныштырды

25 август 2025 16:53 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу – Канат Сагынбаевди тааныштырды.

 Ведомствонун кызматкерлерине кайрылып жатып, Эдил Байсалов Канат Сагынбаевдин жогорку профессионалдык тажрыйбасын жана башкаруучулук сапаттарын белгилеп, анын дайындалышы өлкөнүн социалдык чөйрөсүнүн мындан ары өнүгүшүнө жана министрликтин алдында турган милдеттерди натыйжалуу чечүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

 Өз кезегинде Канат Сагынбаев көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, КРнын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган эмгек, иш менен камсыз кылуу, социалдык коргоо жана миграция жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшаарын баса белгиледи.

 

 Эскерте кетсек, Канат Сагынбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо үчүн макулдашууга Канат Сагынбаевдин талапкерлиги киргизилет.

Ссылка: https://barometr.kg/bajsalov-ministrdin-mildetin-atkaruuchu-kanat-sagynbaevdi-zhamaatka-taanyshtyrdy



Добавить комментарий