Эрмат Дарвешов Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп дайындалды
Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары кызмат ордуна Эрмат Хусенович дайындалды Дарвешов. Тиешелүү буйрукка шаар казысы Шакир ажы Маматов кол койду. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.
Эрмат Дарвешов1976-жылы Исфарада туулган.
Диний билими:
1993-1994-ж.ж. «Мир-Араб» медресесинде таалим алган (Бухара, Өзбекстан);
1997-2012-ж.ж. Аль-Азхарда билим алган (Каир, Мисир).
Эмгек тажрыйбасы:
1995-ж. Ысык-Ата районундагы Жетиген айылында имам;
1996-ж. Каракол шаарындагы Ислам институтунда мугалим;
2016-2019-ж.ж. КИУда окутуучу;
2017-2019-ж.ж. Сокулук районундагы «Хадижа» мечитинин имам-хатиби;
2019-2022-ж.ж. КИУ ректорунун жардамчысы;
2023-жылдан тарта ордо калаадагы Кимсанбай ажы атындагы борбордук мечиттин имамы.
Дарвешов арабча эркин сүйлөй алат, орус жана англис тилдерин турмуштук деңгээлде билет.
Ссылка: https://barometr.kg/ermat-darveshov-bishkek-shaarynyn-kazysynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×