Жаза аткаруу кызматында кадрдык өзгөрүүлөр жүрдү

19 март 2019 13:58 1189 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында кадрдык ротация болду. Бул тууралуу ЖАМКдан кабарлашты. 

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаевдин буйругуна ылайык:

- полковник Мирбек Минбаев № 53 мекеменин башчылыгынан бошотулуп,  № 8 мекеменин башчысы болуп дайындалды.  

- полковник Туголбай Эргешов № 23 мекеменин башчысы кызматына дайындалды, буга чейин ал № 21 мекеменин башчысынын орун басары болуп иштеп келген. 

- майор Сансызбай Хасенов № 53 мекеменин башчысы болду, ал буга чейин № 8 абак жайдын башчысынын милдетин аткаруучу болуп келген. 

- майор Талант Каниметов № 45 абак жайга башчы болуп дайындалды. 

Ссылка: https://barometr.kg/zhaza-atkaruu-kyzmatynda-kadrdyk-zgrlr-zhrd



Добавить комментарий