"Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык башкы балатыны кооздоо уланууда

3 декабрь 2020 16:59 1154 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында жаңы жылга болгон даярдыктар кызуу жүрүп жатат. 

Учурда, жаңы жылдын символу болгон башкы балатыны орнотуу иши уланып жатат. Жеринде иштеп жаткан муниципалитеттин кызматкерлеринин айтымында жасалгалар жаш балдар үчүн  жаңы жылдык жомоктогудай жакшы элес калтырышы керек.

"Албетте, өзгөчө кичинекей балдар жаңы жылды күтүшөт эмесби. Ошондуктан өлкөнүн башкы балатысы бөбөктөр үчүн жакшы элес калтырышы керек. Келе жаткан жылды жакшы маанай жана кооздук менен тозуп алсак, кйинки жылыбыз да жомоктогудай жакшы өтөт", - деди муниципалитеттин кызматкери.

Ошону менен катары эле, шаардын бир нече административдик мекемелеринде да балатыларды кооздоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбор калаадагы башкы балаты былтыркы жылда сатылып алынган кооздуктар менен жасалгаланарын айткан. Муну ал бюджетте акча тартыштыгы менен түшүндүргөн.

Ошону менен катары эле, Түлөбаев мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы жылдык кечеге чогулууга жана майрамдоого тыюу салынганын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-zhylga-bolgon-dayardyk-ala-too-ayantynda-zhay-zhyldyk-bashky-balatyny-koozdoo-ulanuuda



Добавить комментарий