Жаңы авиа компаниянын алгачкы каттамы учуп келди

22 ноябрь 2021 13:49 1661 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңы «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди 

«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы каттамы учуп келди.  Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды. 

Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо. 

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын  Жарандык авиация департаментинен  эксплуатантынын сертификатына (АОС)  №57 ээ болгон. 

 “Эл аралык жарандык авиация уюму жөнүндө”  1944-жылдагы Чикаго Конвенциясынын №6 тиркемесинин жоболоруна ылайык,  «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы  Кыргыз Республикасынан/Кыргыз Республикасына туруктуу жана чартердик каттамдар менен жүргүнчүлөрдү ташууга укуктуу.

Ссылка: https://barometr.kg/zhay-aero-nomad-ejrlajns-aviakompaniyasynyn-bishkek-deli-bishkek-marshrutu-boyuncha-algachky-kattamy-uchup-keldi



Добавить комментарий