Тажик жарандары бар учак "Манас" аэропортунан Душанбеге жөнөтүлдү

26 май 2021 13:57 2569 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Тажикстандын 300 жараны "Манас" аэропортунда тыгылып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-майда саат 23: 11де Тажикстандын Somon Air авиакомпаниясынын чартердик рейси «Манас» аэропортуна конгон. Учактын ичинде 186 жүргүнчү болгон. Алардын 9у башка мамлекеттердин, 177си Тажикстандын жарандары.

“Тажикстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүгө, болууга жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөрдөн улам, КР Чек ара кызматы тажик жарандарын кабыл алуудан баш тарткан. Үчүнчү өлкөлөрдүн 9 жараны каттоодон өтүп, Бишкекте калышты”, - деп айтылат маалыматта.

Тажик жарандары менен учак Душанбеге саат 03: 17де учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-майындагы токтому менен Тажикстан Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана чыгууга, болууга, жүрүүгө жана транзит менен өтүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-zharandary-bar-uchak-manas-aeroportunan-dushanbege-zhntld



Добавить комментарий