Эл аралык каржы корпорациясы «Манас» аэропортунун абалын баалайт

20 октябрь 2021 10:09 1600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экономика жана коммерция министрлиги менен Эл аралык каржы корпорациясы “Манас” аэропортун өнүктүрүү жана модернизациялоо”  мамлекеттик жеке менчик шериктештик долбоору боюнча каржылык консультациялык тейлөө көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Эл аралык каржы компаниясы көп тараптуу экпсерттик баалоону жана мамлекеттик жеке менчик шериктештик долбоорун түзүмдөөнү ишке ашырат.

Алар объектини техникалык, укуктук, жаратылыш жана социалдык тараптарын изилдөөгө алып, каржылык анализ жүргүзүп жана аэропорт боюнча прогноздоо жумуштарын ишке ашырмакчы.

Компания ошондой эле экономикалык пайдалуу шарттардын негизинде ачык конкурс өткөрүү менен квалификациялуу эл аралык инвесторлор менен операторлорду тартып келүүгө көмөктөшмөкчү.

“Манас” аэропортунун потенциялын өнүктүрүү менен ал 2023-жылы Борбор Азиянын авиациялык башкы хабы болуп калууга мүмкүндүк түзүлөт”,-деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-karzhy-korporaciyasy-manas-aeroportunun-abalyn-baalajt



Добавить комментарий