Бишкек-аэропорт трассасындагы авто жарыштын катышуучуларына 7,5 миң сом айып салынды

31 май 2021 10:12 1804 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек - Манас аэропорту жолунда унаа жарыштарын жана демонстрациялык жарыштарды уюштурган, ошону менен жол эрежелерин жана унаа жолунун боюнда жашаган жарандардын тынчтыгын бузган айдоочуларды аныктоо боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Рейд жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды аныктоо, ошондой эле жаш айдоочулар менен профилактикалык иштерди жүргүзүү жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Натыйжада, жолдун жабылышы менен жогорку ылдамдыкта жарыш уюштурган беш айдоочу аныкталды. Инспекторлор тарабынан мыйзам бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, айдоочуларга 7,5 миң сомдон айып салынды”, - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИБдин Жол кайгуул кызматы мыйзамсыз автожарыштарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын эскертти.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-aeroport-trassasyndagy-avto-zharyshtyn-katyshuuchularyna-75-mi-som-ajyp-salyndy



Добавить комментарий