Жаштар аллеясына "Дельфиндер" орнотулду
Бөлүшүү:
Борбор калаадагы Жаштар аллеясында кечкисин күйүп турган "Дельфиндер" пайда болду. Бул тууралуу мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Бардык болуп жаткан иштер жеке вице-мэрдин көзөмөлүнүн астында болуп жатат. Бүгүн текшерүү үчүн күйгүзүп көрдүк, жакында толугу менен дельфиндерди күйгүзөбүз. Алар майрамдык маанай тартуулайт" -деген өңүттөгү пост жазды Каракеева.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashtar-alleyasyna-delfinder-ornotuldu
Добавить комментарий ×