Жашооңузда өзгөрүү боло турганынын 10 белгиси

17 июль 2021 15:08 7474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кээде бизге жашообуз бир орунда эле жылбай тургандай сезилет. Жашооңузда жакында жакшы өзгөрүүлөр боло турганын билсе болобу? Barometr.kg бүгүн ушул суроолорго жооп издеди. Төмөнкү белгилерге карап өзгөрүү, “реформалар” келе жатканын билсеңиз болот экен.

1. Айланаңыз өзгөрө баштайт. Жашооңузда жаңы адамдар келет, мурдагы тааныштар менен байланышты үзүп же алар алыстап кетишет.

2. Жеке өзүңүздүн каалоолоруңуз алдыга чыгат, бул каалоолор жаныңызга жай бербей, анын аткарылышын күтөт!

3. Жашоого, болгон баардык жакшы нерселерге көп-көп шүкүр кыла баштайсыз.

4. Ички үнүңүздү, жүрөктүн каалоосун көп уга баштайсыз.

5. Жаңы нерселерге кызыгууңуз артат, жаңы хобби пайда болот.

6. Өзүңүздүн келбетиңизге, денеңизге көңүл бөлө баштайсыз.

7. Ичиңизде бул ишти аткарып кете алам, же мындай кыла алам дегендей бекем ишеним пайда болот.

8. Кайра-кайра окшош окуяларга күбө болуп баштайсыз!

9. Мурда чоң “трагедиядай” кабыл алган жагдайларга жөн гана философиялык көз карашта карап, тынчсызданбай каласыз, жагдайларды ар түрдүү тараптан караганды, тыйындын эки тарабы бар экенин аңдап сезе баштайсыз!

10. Адамдарга таарынбай, кечиримдүү жана сабырлуу болууга көнөсүз! Эң негизгиси болуп жаткан нерселерге башкаларды күнөөлөбөй, өзүңүздөн жооп издегенди биле баштайсыз! Жашооңузда болуп өткөн жана боло турган ар бир нересе сиз үчүн гана акыры соңунда жакшы болгон экенин даана түшүнөсүз!

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhashoouzda-zgr-bolo-turganynyn-10-belgisi



Добавить комментарий