Аялдарды тез карыта турган 5 адат
Бүгүнкү күндө паспорттогу дата көп мааниге ээ болбой калды. 30 жашка чыгып 50 жашка чыккандай улуу көрүнгөн же болбосо 50 жашында 30 жаштагыдай жаш көрүнгөн айымдарды азыркы мезгилде көп кездештирүүгө болот.
Дарыгерлер жана психологдор төмөнкү адаттар аялзатын эрте картаюуга алып келет деп эсептешет. Бүгүн barometr.kg сизге алар тууралуу сунуштайт.
Кыймылдын аз болушу
Телевизор же телефондо түнү бою отуруу, уйкунун толук канбай калышы, жөө басуунун аз болушу жана отуруп иштеген жумуш аялды тез карыта турганы аныкталды.
Ошондуктан күн сайын жөө басууну жана спорт менен машыгууну адатка айландырыңыз.
Кеч уктоо
Кечки саат 23.00дөн калбай уктоо гармондордун калыбында иштөөсүнө жана анын натыйжасында жаштыктын узакка сакталышына өбөлгө болот.Ошондой эле күндүз уктаган ден соолукка зыяндуу экенин дарыгерлер белгилешет.
Тамак-ашты жана фаст-фудду көп колдонуу
Ашыкча тамактануу, фаст-фунд өңдүү зыяндуу тамак-аштар, полуфабрикаттар аялдын ден соолугуна гана заян алып келбей, анын эрте улгаюусуна жол ачат.
Көз карандылык
Кофеден, таттуудан, чылымдан, алкоголдон көз карандылык дагы зыяндуу.
Жаңы нерселерден баш тартуу
Тактап айтканда мээни дайыма өнүктүрүп жаңы нерселерди үйрөнүп туруу кажет.Чет тилдерин окуу Альцгеймер оорусуна чалдыгуу коркунучу төмөндөтөрүн окумуштуулар далилдешкен.Заманбап жашоодон артта калбай жаңы нерселерди үйрөнүү айымдардын башкы тапшырмаларынын бири.
Ссылка: https://barometr.kg/ayaldardy-tez-karyta-turgan-5-adat
Добавить комментарий ×