Ыраазы болгонго себеп жок болсо эмне кылуу керек?
Кээде жашоо-турмуш татаалдай сезилип, ыраазы болгонго эч нерсе таппай сыйпалап калгандай сезимдер адамды каптаган учурлар кездешет. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Андай учур келип калса, дүйнөдө сиз жеткен мүмкүнчүлүккө жетпеген адамдар өтө көп экенин унутпаныз.
Ден соолугуӊузга, аман-эсен экениӊизге ыраазы болуӊуз.
Көзүм бүтүк, бутум кыйшык деп келбетиӊизден кемчилик издебей, алты саныӊыз аман экенине ыраазы болуӊуз.
Эркиндигиӊизге ыраазы болуӊуз.
Күн нуруна, караӊгылыкка, жаан-чачынга ыраазы болуӊуз.
Үй-бүлөлүү болсоңуз алардын амандыгына ыраазы болуңуз.
Иштеп өзүңуздү өзүңуз камсыздап маянаңыздын аз-көбүнө карабай берекесин бергенине ыраазы болуңуз.
Ичип жаткан сууга, тамак-ашка, электр тогуна, жашап жаткан жайыӊызга, жаткан төшөнчү-орунуӊузга, кийип турган кийим-кечеӊизге, телефонго, интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар экенине жана башка…
Ушул маалыматты окуп жаткан көзүӊүзгө, кабыл алып жаткан мээӊизге ыраазы болуӊуз.
Анткени, баардык нерсе салыштырууда билинет!
Ссылка: https://barometr.kg/zhashoogo-yraazy-bolsom-ele-kantip-baktyluu-bolup-kalmak-elem
Добавить комментарий ×