Жашоодо ийгиликтүү адам экениңиздин 7 белгиси
Көп учурда адамдар өзүн баалабай, талантын, жөндөмүн, жетишкендиктерин, жашоосун төмөн баалап, мен андай эмесмин, мындай эмесмин деп өздөрүн төмөндөтө беришет. Чындап эле ошондойбу, жашоодо ийгиликтер көп акча, таасирдүү тааныштарды бары-жогу, регалиялар жана наамдар менен өлчөнөбү?
Албетте бул фактылар кайсы бир деңгээлде ийгиликтин ченеми болушу мүмкүн, бирок чыныгы ийгилик андан да жогору турган нерсе. Бүгүн barometr.kg психологдун кеңешине таянуу менен чыныгы ийгиликтүү адамдар кандай болору тууралуу маалыматты сунуштайт.
1. Сиз өзүңүздүн кыялдарыңызды алмаштырган жоксуз
Ал тургай кыялдарыңызга азыр жетпесеңиз дагы, пландарыңыз өзгөргөн жок. Аны ишке ашырууга бекем киришип жаткан кезиңиз.Өзүңүздүн кыялыңызды ишке ашырган болсоңуз же ишке ашырууга аракет кылып жатсаңыз анын өзү ийгилик болуп саналат. Эртеби кечпи аны баары бир ишке ашырасыз.
2. Алты саныңыз аман, ден соолугуңуз чың
Ден соолук бул эч ким бере албаган ийгилик экенин эч ким тана албайт.Жашоо өйдө-төмөн болушу мүмкүн, бирок сиз аман-эсен жана ден соолугуңуз чың болуп турса кубансаңыз болот. Ооруп жаткан кайсы гана миллиардер болбосун сизге суктанмак.
3. Тоскоолдуктарга карабай жашооңуз жакшырып бара жатат
Кандай кыйынчылыктар болбосун, алдыга умтулуууга себептериңиз, мотивацияңыз, каалооңуз бар, жана бул багытта билим алып жатасыз.Жүз жолу жыгылсаңыз жүз биринчи ирет турган адам болсоңуз накта ийгиликтүү адамсыз.
4. Кечире билесиз
Кечире билүү менен адамдын акылы жана денеси жаңы бакыттарга, ийгиликтерге жана бийиктиктерге жол ачат. Эгер чындап эле адамдары кечире билгенди үйрөнгөн инсан болсоңуз анда сизди ийгилик жылоолоп жүргөн адамсыз.
5. Сүйүктүүсүз жана башкаларды сүйө билесиз
Үй-бүлөңүзбү, досторуңузбу, шеригиңизби сизди чындап сүйгөн адамдар бар. Эгерде жашоодо кубаныч менен кайгырууну тең бөлүшө турган жаркын адамдар жаныңызда болсо сиз чындап ийгиликтүү адамсыз.
6. Ысык тамагыңыз, кийимиңиз, үйүңүз бар
Үйүңүз бар, тамагыңыз столдо, кийимиңиз шкафта болсо андан чын менен сизде баары жакшы экен. Кайсы бир нерсе жашооңузда азыр кемип жатса да, баары бир жакшы жашап жатканыңызды баалбай жатасыз.
7. Эркинсиз
Кайда жүрбөңүз эркин болуу, чечимиңизди эркин билдирүү айланадагы адамдарга көз каранды болбоо-бул чыныгы ийгиликке жеткен адамдын белгиси.
Баардык ийгилик акчадан, титулдан көз каранды эмес. Ийгилик ар кандай формада болорун кабыл алуунун өзү чоң факты.
Ссылка: https://barometr.kg/zhashoodo-ijgilikt-adam-ekeniizdin-7-belgisi
Добавить комментарий ×