Жаш кыздарды тааныштарга ишенип чоң шаарларга жибербеңиздер!

16 август 2021 15:57 1698 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жаш кыздарды туугандарыңыздарга, тааныштарыңыздарга ишенип тапшырып, чоң шаарларга жибербеңиздер”,-дейт Айтурган.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз.Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Айтурган (аты өзгөртүлдү) аттуу окурман кайрылды.  

“Саламатсыздарбы, сиздердин редакциянын “Айымдар сыры” бурчу мага абдан жакты. Бир нече айымдардын тагдырын угуп, жашоодо ушундай жагдайлар да болот тура деп сабак алып жатам, ал үчүн сиздерге ырахмат. Мен дагы жөн калбай өзүмдүн окуямды бөлүшө кетейин деп чечтим. Окуу жайды былтыр бүткөмүн, окууга өтпөй калып анан салон иштерине кызыгып ошол тармакты окудум. Бишкекте тырмак жасалгалап иштеп жатканда, Москвада жашаган өзүмдүн эле таежем чакыртып калды. Ал өзүнүн салонунда иштөөнү мага сунуштады. Ошентип өмүрү көрбөгөн шаарга бир туугандарым учуруп жиберишти. Москва чоң шаар экен, баары такыр башкача. Кышында учуп келдим быйыл жазга чейин жакшы эле иштедим. Таяжем мени өзүнүн салонуна иштете баштады, мен анын үйүндө жашап, иштеп жаттым. Таяэжемдин кыялы чатак экенин билчүмүн, ар кандай түрдө мени басынтып, жемелеп көнүп алды. Кызматчы кызындай эле иштедим, үйүнө келсем үй оокатын жасайм, ишине барсам салондун ишин жасайм. Бир жолу байкабай жумушунда уктап калып, баалуу аппаратын өчүргөндү унутуп, өрт чыгып кете жаздады. Ал катуу чатак чыгарып, мени жумушунан кубалап чыкты. Кечинде жатар үйүм жок, кайра  барсам дагы үйүнө киргизбеди. “Бир күн түнөп чыгайын эртең кетем” десем да болгон жок. Түн ичинде көчөдө калдым. Айлыгымды дагы бергиси келбеди, эптеп тааныш эжелер жардам берип, Кыргызстанга араң учуп келдим. Жаш кыздарды туугандарыңыздарга ишенип чоң шаарларга, айрыкча Россия, Түркия өңдүү чоң мамлекеттерге жибербегиле деп ата-энелерге айтат элем. Мени дагы Кудайым сактап жакшы келип алдым. Башыма бир иш түшсө эмне болот эле деп ойлогондо азыр дагы коркуп кетем”,-деп оюн бөлүштү  Айтурган.

Сиз Айтургандын башынан өткөн жагдайга кандай пикирдесиз урматтуу окурман?

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhash-kyzdardy-taanyshtarga-ishenip-cho-shaarlarga-zhiberbeizder



Добавить комментарий