Жаш келин: Күйөөмдү төшөктө зордуктагым келип жүрөт, эмне кылам?
Азыркы учурда коомчулукта эркектердин эрте эле “карып” бара жатканын дарыгерлер белгилешүүдө. Кайрылып жаткан кардарларынан улам өз ысымын элге жарыялагысы келбеген психолог barometr.kgге анын ишинде кездешкен жагдайлар, анын ичинде жубайлардын төшөк мамилелерине байланышкан бир нече урунттуу учурга токтолуп, мырзалар үчүн бир нече кеңеш берди. Эскерте кетсек, психологиянын этикасына ылайык кардарлар тууралуу маалыматтар эч качан эч жерге айтылбашы керек жана анонимдүү болууга тийиш. Төмөндө психолог аялдар ага кайсы маселе боюнча көп кайрылыша турганын айтты.
“Бизге кайрылгандардын көбү аялдар. Алар мурда төшөк мамилелери боюнча көп айтышчу эмес. Акыркы жылдарда бул жагдайлар көбөйүп бара жатат. Анын себеби аялды төшөктө кандыра албай калган эркектердин көбөйгөнү болууда. Негизинен аялдар 25-30 жаштардагы жубайлары деле алсыз экенин айтып даттанышат.Менин жеке жүргүзгөн статистикама ылайык 40 жаштан өткөн жубайлардын 50 пайызы гана айына бир нече ирет гана жакын мамиледе болот экен. Анын себеби учурда эркектердин ар кандай порнолорду ачык түрдө көп көрүшү жана активдүү жашоо образы менен жашабай, оор стресске кабылган учурлардын көп болушу болуп жатат. Өткөндө бир жаш келин кайрылды. Айтат төшөктө күйөөмдү зордуктагым келип жүрөт деп. Ырахат тартууламак түгүл, бат эле уктап калабыз дейт. Мындай нерсенин аягы барып ажырашууга алып келет”,-деп баса белгиледи психолог.
Ошондуктан ал мырзаларга айрыкча күч-кубаты алсыз эркектерге кайрылып төмөндөгү бир нече кеңештерди берди.
“Мен түшүнөм. Сексуалдык жашоого канааттанбаган аялдар үй-бүлөдө ар нерсеге шылтоолоп чатакты көп чыгарат.Бул жалпыга маалим иш. Эркектер сексуалдык даремети күчтүү болушун каалашса төмөндөгү бир нече шарттарды аткара жүргөнү оң.
1.Телефондогу баардык порнолорду, жылаңач сүрөттөрдү өчүрүп салуу жана эч качан аларды көрбөө, карабоо керек.
Мындай жол менен эркектин делебеси жеңил козголгон менен, көп порно көргөн эркектин фантазиясы жоголуп кетет.Чыныгы турмушта мындай видеолор мээде жазылып калгандыктан төшөктө эркектин муздак кылып коет.
2) Компьютерден уят кино көрбөңүз. Мунун натыйжасы да жогоркудай жагдайга алып келет
3) Онанизм менен алектенбөө керек.
Онанизм — гомосексуализмге жасалган алгачкы кадам да болушу мүмкүн.
4) Тазалыкты, анын ичинде дененин жана ойдун тазалыгын ар дайым сактоо керек.
5) Аялын өөп аны эркелетпей жакын мамиле куруу дагы кумарланууга кедергисин тийгизет.
6) Күнүмдүк тамакта эркектин күч-кубатын арттыра турган тамактарды колдонуу кажет.
7) Тамакка тоюп алып аялына жакындаган эркек жуптардын ортосундагы мамилелерге гана эмес, ден соолугуна да зыян алып келет.
8) Булчуңдарга кошумча күч бере турган жүгүрүү, велотренажердо машыгуу да абдан натыйжалуу.
9) Курсак байланган эркек-импотент болууга жакындайт. Ашыкча салмактан арылыңыз!
10) Жакын мамиле кезде аялга гана көңүл буруп башка нерселерди ойлобоо кажет.
Ссылка: https://barometr.kg/zhash-kelin-kjmd-tshkt-zorduktagym-kelip-zhrt-emne-kylam
Добавить комментарий ×