2500 долларга Кыргызстандын паспортун сатып алган коңшу өлкөнүн жараны кармалды

17 август 2018 22:45 2237 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сузак РИИБнин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга кары аракеттенүү кызматы тарабынан коңшу өлкөнүн жараны кыргыз паспортун колдонуп жүргөн факты аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.   

Маалым болгондой, 2014-жылдын 1-январь күнү Өзбекстандын  жараны,  1991-жылы туулган М.А.К. аттуу жаран  паспорт алуу максатында мыйзамсыз Сузак райондук паспорт бөлүмүндө  иштеген Айнура аттуу  жаранга 2 500 доллар акча  берип, 1991-жылы туулган Ж.С.Б аттуу бөлөк ысым менен Кыргызстандын  жарандык паспортун (ID Карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) жасатып жана колдонуп жүргѳндүгү аныкталган. Бул факты боюнча КРнын КЖКнин 350-беренеси менен кылмыш иши козголуп паспорт ээси Өзбекстандын жараны М.А.К Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аны менен бирге паспорт берген тарап боюнча да тергөө амалдары жүргүзүлө баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/zhasalma-pasport-menen-zhrgn-koshu-lknn-zharany-karmaldy



Добавить комментарий