Жарым жылда мигранттар Кыргызстанга 1,2 миллиард доллар которушкан
Бөлүшүү:
2021-жылдын июнь айында мигранттар Кыргызстанга 266,9 миллион доллар которушкан, бул өткөн айга салыштырганда 39,7 миллион долларга көп. Мындай маалыматты Улуттук банктан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Алты айда мигранттар өлкөгө 1 миллиард 253,24 миллион доллар которушкан. Бул 2020-жылдын алты айына салыштырганда 276,14 миллион долларга көптүк кылат.
Акча которуулардын 97 пайыздан ашыгы Россияга туура келет, анын үлүшү 1 миллиард 224,12 миллион доллар.Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 6,81 миллион доллар, АКШдан 17,31 миллион доллар которушкан.
Ссылка: https://barometr.kg/zharym-zhylda-migranttar-kyrgyzstanga-12-milliard-dollar-kotorushkan
Добавить комментарий ×