Жарым жылда электрди импорттоо 2 эсеге, экспорттоо 4,8 эсеге көбөйгөн
Улуттук статистикалык комитет 2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы тышкы соода тууралуу маалыматты жарыялады.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Аталган маалыматка таянсак, 2021-жылдн 1-жарым жылдыгында электр энергиясын импорттоо 675,9 млн квт. саат болуп өткөн жылга салыштырганда 2 эсеге көбөйгөн.
Казакстандан жарым жылда 419,85 млн квт. саат электр энергиясы импорттолгон, бул 2020-жылдын 1-жарым жылдыгына салыштырганда 1,3 эсеге жогору.
Өзбекстандан жарым жылда 256,09 млн квт. саат электр энергиясы алынган, ал эми өткөн жылды аталган өлкөдөн электр импорттолгон эмес.
Электр энергиясы сыртка сатуу 1-жарым жылдыкта 164,4 млн квт. саат болуп, өткөн жылга салыштырганда 4,8 эсеге жогорулаган.
Электр энергиясын сатып алуу-сатуу келишимине ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан баштап Казакстанга жана Өзбекстанга электр энергиясын берүү башталганын буга чейин “Электр станциялары” ачык акционердик коомунан кабарлашкан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/zharym-zhylda-elektrdi-importtoo-2-esege-eksporttoo-48-esege-kbjgn
Добавить комментарий ×