Парламентте электрди өчүрүүгө байланыштуу министрдин отчетун талап кылышууда

7 октябрь 2021 12:25 2021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн парламенттик жыйынында депутат Улукбек Садиков Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаевден энергетика тармагындагы жагдай боюнча отчет беришин талап кылганын "Барометр" маалымдайт.

Анын айтымында, прогноз боюнча быйыл кыш катаал болот, Токтогул ГЭСинде 12,3 миллиард кубометр суу бар, жылдык керектөө 6 миллиард кубометрди түзөт.

“Биз кыйын абалга келдик. Министр биз Тажикстандан электр энергиясын импорттоону баштадык деп жатат. Министр маалымат берсин. Балким ал шайлоонун алдында элди коркутпай “кыйгас өчүрүү болбойт” деп калп айтып жаткандыр. Бул жерге келип элге баарын түшүндүрүп берсин. Келгиле маселени чечели”,-деп айтты Улукбек Садиков.

Ссылка: https://barometr.kg/parlamentte-elektrdi-chrg-bajlanyshtuu-ministrdin-otchetun-talap-kylyshuuda



Добавить комментарий